• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстан менен Швейцариянын президенттери кызматташтыктын келечектүү багыттарын талкуулашты

Президент 0

Бишкек, 10.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июлда Швейцария Конфедерациясына расмий визитинин алкагында Швейцария Конфедерациясынын Президенти Ули Маурер менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекеттер башчылары өлкөлөр үчүн кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташтыктын азыркы абалын жана келечегин талкуулашты.

Сооронбай Жээнбеков менен учурашуу учурунда Швейцария Президенти Ули Маурер 25 жыл өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын жана достуктун духунда өткөнүн белгиледи.

«Биз кыргыз тарап менен биргелешкен кызматташтык документтерине кол койгубуз жана сиздер үчүн олуттуу болгон эң артыкчылыктуу багыттарды уккубуз келет», — деп баса белгиледи Ули Маурер.

Швейцария Президенти Сооронбай Жээнбековду акыркы жылдардагы өлкөдөгү позитивдүү өзгөрүүлөр менен куттуктап, Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларга тыштан да көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

«Кыргызстанда өнөктөштөрдүн ишенимин бекемдөө үчүн көп нерселер жасалды, бул кызматташтыкты мындан ары карай өнүктүрүү үчүн кошумча өбөлгө болот. Сиз 2023-жылга чейин өлкөнү өнүктүрү стратегиясынын бардык негизги багыттарын кеңири чагылдырдыңыз жана адам ресурсуна басым жасадыңыз. Биз жаштардын активдүү аракеттерин жана алардын умтулууларын көрүүдөбүз. Бул өлкөнү алдыга чыгарууга өбөлгө болуучу башкы фактор, „- деп баса белгиледи ал.

Ули Маурер өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн алкагында өз ара аракеттешүүнү мындан ары карай тереңдетүүгө даярдыгын билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Швейцария ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташуу жыл өткөн сайын өнүгүп жатканын белгиледи. 25 жылдан ашкан мезгил ичинде өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелер туруктуу бекемделүүдө. Саясий диалог жогорку деңгээлде.

Сооронбай Жээнбеков азыр Швейцария Кыргызстанда саламаттык сактоо, экономикалык өнүктүрүү, мамлекеттик башкаруу, айыл чарбасы, энергетика, суу ресурстары жана климат чөйрөлөрүндөгү долбоорлорду ишке ашырып жатканын канааттануу менен белгиледи.

Ал экспортту илгерилетүү жана өнүктүрүү, чакан жана орто бизнес үчүн шарттарды түзүү, мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүгүн өнүктүрүү эң олуттуу багыттар экенин баса белгиледи.

“Тигүү тармагы жана айыл чарбасы сыяктуу секторлордо Кыргызстандын экспорттук жакшы дарамети бар. Азыр дүйнө жүзүндө керектөөчүлөрдүн таза жана сапаттуу тамак-ашка талабы өсүп баратканы белгилүү. Биз Швейцария рыногуна экологиялык таза жашылча-жемиштерди, жаңгакты, балды, төө буурчакты жеткирүүгө даярбыз. Ошондуктан бул багытта кызматташуу эки тарап үчүн өз ара пайдалуу болот деп эсептейм», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Кыргызстанда демократияны өнүктүрүү процесси уланып жатканын белгиледи.

Эки өлкөнүн табиятынын мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен туризм чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүү экени белгиленди.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын активдешерине жана мындан ары карай уланарына ишеним билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий