• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Сингапур ТИМ башчылары кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 27.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 24-сентябрында Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Сингапурдун тышкы иштер министри Вивиан Балакришнан менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар соода жана экономика, укуктук базаны жакшыртуу жана регионалдык коопсуздук боюнча эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашты. Кыргыз тарап ар кандай багыттагы эки тараптуу келишимдердин долбоорлорун тапшырды.

Руслан Казакбаев "ВСП +" статусун колдонуу менен соода жүгүртүүнү жогорулатууну, ошондой эле Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды ачууну жана тиешелүү инфратүзүмдү түзүүнү сунуштады.

Кыргыз тарап Сингапурдун мамлекеттик башкаруу, сот жана укук коргоо системасындагы реформалар, ошондой эле индустриалдык парктарды түзүү жана санариптештирүү тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Тышкы иштер министрлери Афганстандагы абал боюнча пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий