• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Сингапурдун ТИМ башчылары кызматташтыкты талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 24.09.22. /Кабар/. Кыргызстан менен Сингапурдун тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Вивиан Балакришнан эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуу Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында өткөн.

Тараптар бири-бирин эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлүшүнүн 30-жылдыгы менен куттукташты. 2019-жылы Сингапур менен эркин соода жөнүндө Макулдашууга кол коюу Евразия биримдигинин өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстан менен Сингапурдун ортосундагы соода жана инвестициялар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн түзүлгөндүгү баса белгиленди.

Ошондой эле кыргыз-сингапур мамилелерин чыңдоо, соода жана инвестиция, туризм жаатында кызматташтыкты жандандыруу, ошондой эле келишимдик укуктук базаны кеңейтүү маселелери боюнча пикир алышты.

Министр Ж. Кулубаев учурда өлкөнү өнүктүрүүдө Кыргызстанда «жашыл» өнүгүүгө, инновациялык, санариптик жана креативдүү экономикага басым жасалуусун белгиледи. Кыргыз тарап Сингапур менен экология, санариптештирүү, адам капиталын өнүктүрүү жана паракорлукка каршы күрөшүү жаатында кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар.

Көп тараптуу кызматташуу боюнча БУУнун алкагында тараптар алдыга жылдырган демилгелерди талкуулашты.

Жолугушуу достук маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий