• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан менен Словакия бир катар долбоорлук келишимдерге кол коюуга ниеттенүүдө

Саясат 0

Бишкек, 09.05.19. /Кабар/. Кыргызстан менен Словакия бир катар долбоордук келишимдерге кол коюуга ниеттенүүдө. Бул тууралуу КРнын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) төрагасы, Словакиянын тышкы иштер жана европалык иштер боюнча министри Мирослав Лайчак менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирди.

Анын айтымында, бүгүн эки тараптуу кызматташуунун баардык багтыттары боюнча сөз болду.

“Биз эки жактуу байланыштын алдыдагы пландарын, кадамдарды белгиледик. Саясий-дипломатиялык жана экономикалык кызматташуу багыттары боюнча талкуу жүргүздүк. Бул жылы биз эки тараптуу кызматташууну жана күн тартибин кеңейтүү максатында кошумча ТИМ аралык консультацияларды жүргүзүүнү пландаштыруудабыз”, - деди ал.

Министр, тараптар ортосунда бир катар долбоордук келишимдерге кол коюу пландалып жаткандыгы тууралуу билдирди. Айдарбеков бул документтер иштелип жаткандыгын айтып, тараптар алар боюнча бир пикирге келерине ишенээрин билдирди.

“Ошондой эле, соода-экономикалык кызматташууну бекемдөө боюнча так кадамдар белгиленип, бизнес-форум өткөрүү пландалууда. ТИМ линиясы боюнча инвестициялар ишмердүүлүгү боюнча консультацияларды өткөрүү да пландалган. Кыргыз-словакия кызматташтыгынын бекем негизи бар экендигин баса белгилейбиз. Ал - өткөн кылымдын 30-жылдары атамекендик өндүрүштө өзгөчө оорунду ээлеген Интергельпо кооперативинин ишмердүүлүгү. Ал кезде КРнын жерине биздин досторубуз – словактар, чехтер жана венгрлер келишкен. Ошол кезде алар, бизге атамекендик продукцияны көтөрүүгө чоң жардам көрсөтүшкөн”, - деп кошумчалады КР ТИМ башчысы.

Пикир

Оставить комментарий