• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Словениянын тышкы иштер министрлери өз ара кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 03.12.21. /Кабар/. Кыргызстан менен Словениянын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев жана Анже Логар эки тараптуу жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптардын жолугушуусу 2021-жылдын 2-декабрында Стокгольм шаарында ЕККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин алкагында өткөн.

"Словения тарап Кыргызстан менен кызматташууну активдештирүүдө кызыкдар экендигин билдирди, ушуга байланыштуу эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссияны түзүүнүн маанилүүлүгү айтылды", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө соода-инвестициялык кызматташуу багытында гидроэнергетика жана фармацевтика чөйрөлөрү келечектүү деп белгиленди. Кыргызстандын тышкы иштер министри Р. Казакбаев Анже Логарды биргелешкен бизнес-форум өткөрүү сунушу менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Бишкекте "Европа Биримдиги – Борбордук Азия" биринчи экономикалык форумун өткөрүү оң маанайда белгиленди.

Эки тараптуу кызматташуунун спектрин кеңейтүү максатында, министр Казакбаев маданият, спорт, туризм, билим берүү жана илим, айыл чарба, саламаттык сактоо, курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөлөрүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуулардын долбоорлорун словения тарапка кароого берди.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, тараптардын жолугушуусунун жүрүшүндө Афганстандагы кырдаал өзүнчө талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий