• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Түркия аскердик-техникалык кызматташтыкты бекемдөөгө ниеттенүүдө

Коом 0

Бишкек, 04.11.20. /Кабар/. 2020-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республиксынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Жеңгиз Камиль Фырат менен жолугушту. Бул тууралуу КР Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын маалымат кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Өмүралиев алгач Измир аймагында болуп өткөн жер титирөөнүн жана цунаминин кесепетинен курман болгондорго жана кыйроолорго байланыштуу элчиге көӊүл айтты.

Андан соӊ тараптар кыргыз-түрк аскердик байланыштардын абалы, эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жана эки өлкөнүн ортосундагы аскердик байланыштарды мындан ары чыңдоо жөнүндө пикир алмашып, генерал-майор Өмүралиев Түркия тарабынан көрсөтүлүп жаткан курал-жарактар, аскер техникасы, оорук жана медицина каражаттарынан турган материалдык-техникалык жардамга жана аскер кадрларды даярдоодогу кызматташтыкка ыраазычылык билдирди.

Элчи жолугушууга мүмкүнчүлүк түзгөн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Түркиянын буга чейин болуп келген жана келечектеги эки тараптуу аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыгын мындан ары да өз ара өнүктүрүүгө даяр экендиктерин белгиледи.

Жолугушуудан кийин КР КК Улуттук гвардиясында Куралдуу Күчтөргө багытталган автоунаа техникасы жана ооруктук мүлк-буюмдарын кабыл алуу аземи болуп өттү. Ага Түркиянын элчиси Жеңгиз Камиль Фырат, Башкы штабдын жетекчилиги, Улуттук гвардиянын командачылыгы жана өздүк курамы катышты.

Эске салсак, буга чейин кыргыз-түрк мамлекеттеринин Өкмөттөрү тарабынан 2015-2016-жылдарындагы аскердик финансылык кызматташтык боюнча түзүлгөн макулдашууларынын алкагында Түркия тараптан аскердик-техникалык мүлктүн биринчи партиясы 2020-жылдын сентябрь айында келген.

Пикир

Оставить комментарий