• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Түркия кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү жаатында кызматташат

Экономика 0

Бишкек. 04.02.22. /Кабар/. КР инвестициялар министринин м.а Нурадил Баясов Түркиянын Измир шаарына болгон иш сапарынын алкагында кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү жана бул жаатта кызматташуу боюнча Түркиянын "Энергетикалык өндүрүшчүлөр жана ишкерлер ассоциациясы" менен эки тараптуу меморандумга кол койду. Бул тууралуу Инвестиция жана өнүктүрүү боюнча агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган меморандумга ылайык ,"Түркиянын энергетикалык өндүрүшчүлөр жана ишкерлер ассоциациясы" (ENSIA) Кыргызстандын күн жана шамал станцияларын салуу жана бул жааттагы мүмкүнчүлүктөрдү баалоо максатында КРга жумушчу сапар менен келет. Аталган сапарды ушул жылдын апрель айына уюштуруу пландаштырылууда.

Андан тышкары, ENSIA Кыргызстандын жашыл энергетика секторун өнүктүрүү боюнча ар кандай консультациялык жардам көрсөтөт.

Эскерте кетсек, Баясов Измир соода палатасынын өкүлдөрү менен да эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, КРнын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий