• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Түркия маданият тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады

Маданият 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Түркия мамлекетине болгон иш сапарынын алкагында Түрк дүйнөсүнүн шаар башчылары ассоциациясынын баш катчысы Фахри Солак менен жолукту. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан Түркия шаарлары арасындагы маданий байланыш жөнүндө сөз болуп, келечектеги бир канча долбоорлорду чогу ишке ашыруу боюнча талкуулашты. Алар 2022-жылы өтө турган Кыргызстандын маданият күндөрү Түркия мамлекетенин бир канча шаарында уюштурулат жана Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча атайын жумушчу тобун түзүү боюнча макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий