• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Түркия соода жүгүртүүнү $300 млндон 1 млрд чейин жеткирүүнү көздөөдө

Саясат 0

Бишкек, 06.12.18. /Нуржигит Бейшебаев – Кабар/. Кыргызстан менен Түркия эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнү 1 млрд. долларга чейин жеткирүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Түркия парламентинин спикери Бинали Йылдырым менен болгон жолугушуудан кийин журналисттерге билдирди.

"Биз эки өлкө ортосундагы соода-сатык, экономика, маданият жана Түркияга кыргыз айыл-чарба азыктарын сатуу маселелерин талкууладык. Ошондой эле, боордош мамлекетте иштеген мекендештерибизге жеңилдиктер боюнча сөз болду. Жолугушуу жемиштүү болду деп ишенем. Учурда эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү 300 млн. долларды түзөт. Биз аны 1 млрд. долларга жеткирүү жолдорун сүйлөштүк", - деди Жумабеков.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанга Түркия парламентинин төрагасы Йылдырым Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген.

Пикир

Оставить комментарий