• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Түркия соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 млрд долларга чейин жогорулатат

Саясат 0

Бишкек, 10.06.21. /Кабар/. Кыргызстан менен Түркия соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 млрд долларга чейин жогорулатат. Бул тууралуу Анкара шаарында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жолугушуулардын жүрүшүндө соода-экономикалык алакалар кеңири талкууланган.

«Кыргызстан менен соода жүгүртүүнүн көлөмү 507 миллион долларды түзөт. Былтыркы эпидемияга карабай бул көрсөткүч олуттуу түрдө төмөндөгөн жок. Бирок биздин потенциалыбыз алда канча жогору деп эсептейбиз. Бул көрүнүп турат. Биз өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнү 1 миллиард АКШ долларына чейин жеткирүү боюнча конкреттүү чараларды көрүү жөнүндө макулдаштык», - деди түрк лидери.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 9-11-июнь аралыгында Түркияда расмий иш сапары менен жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий