• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Түркия туризм жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрөт

Коом 0

Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. Кечээ, 20-майда Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Самат Шатманов Түркия Республикасынын маданият жана туризм министрлигине караштуу Түркия кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) программасынын координатору Осман Уста менен жолугушту. Бул тууралуу аталган департаменттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда тараптар Кыргыз Республикасынын туризм тармагындагы приоритетүү долбоорлорду ишке ашыруу, мындан ары дагы кызматташтыкты чыӊдоо жана тыгыз кызматташуу иш-аракеттерин талкуулашты.

Ошону менен бирге, Кыргызстандын аймагына кошумча туристтик көрсөткүчтөрдү жана санарип алкагында тарыхый, маданий туристтик объектилерди сүрөттөөчү QR-коддорду орнотуу, биргелешип иш алып баруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Пикир

Оставить комментарий