• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Түркиянын Айыл чарба министрлиги кызматташат

Коом 0

Бишкек, 10.06.21. /Кабар/. Кыргызстандын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Мукашев менен Түркиянын айыл жана токой чарба министринин орун басары Акиф Озкалды эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КРнын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу президент Садыр Жапаровдун Түркияга жасаган расмий иш сапарынын алкагында өткөн.

Жыйында Өкмөттөр аралык комиссиянын 9-отурумунун иш аракеттеринин негизинде, ошондой эле Түркиянын Кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) аркылуу жүргүзүлгөн айыл чарба тармагындагы учурдагы кызматташтык маселелери талкууланды.

Ошондой эле эки тараптын ортосунда айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү жана Түркияга бодо малды жана майда бодо малдын этин экспорттоого квота алуу жаатында келечектеги кызматташуу пландары талкууланды.

Иш сапардын негизги максаты эки тараптуу жолугушуунун алкагында, 9-июнда кол коюлган өсүмдүктөрдү карантиндик коргоо жаатында кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюлду.

Фитосанитардык карантиндик зыянкечтердин ташылып келишинин жана жайылышынын алдын алуу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Министрдин орун басары Мукашев макулдашуу ич ара сооданын көлөмүн көбөйтүүгө салым кошот деген ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий