• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Түркиянын алакасы кыйла жакшырды – Жээнбеков

Президент 0

Бишкек, 25.12.19. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыктаган маалымат жыйынында Кыргызстан менен Түркиянын алакасы кыйла жакшырганын жана жогорку деңгээлде экендигин билдирди.

Анын айтуусуна караганда, акыркы үч жылда парламенттер жана өкмөттөр аралык эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлбөй калган.

"Азыркы учурда ар кандай деңгээлдеги эки тараптуу жолугушуулар өтүп жатат. Ошондой эле эки өлкөнүн бизнес-форуму өттү. Өткөрүлгөн жолугушуулардын жыйынтыгында биргелешкен документтерге кол коюлду. Андан тышкары, "Маариф" фонду боюнча да маселе чечилди, жакында документтерге кол коюлат, келерки жылы фонд өлкөдө иштеп башташы мүмкүн", - деп кошумчалады. Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий