• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Түркиянын милиция кызматкерлеринин биргелешкен машыгуулары өттү

Коом 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун базасында милиция кызматкерлерине 31-январдан 10-февралга чейин Түркиянын Ички иштер министрлигинин эксперттери тактикалык окуу-машыгууларды өткөрүштү.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, эки мамлекеттин ички иштер министрликтеринин жетекчилеринин эки тараптуу макулдашууларынын негизинде массалык башаламандыкты токтотууга, коомдук коопсуздукту, тартипти сактоого багытталган тактикалык иш-чаралар уюштурулду.

Кыргызстандын ички иштер органдарынын карамагындагы атайын каражаттарды туура жана натыйжалуу колдонууну окуп үйрөтүү боюнча да машыгуулар болду.

Аталган окуу-машыгууга ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунан, ички аскерлеринен, күзөт кызматынан, милициянын кайгуул кызматынан, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жана Академиядын кызматкерлери атайын машыгуудан өтүшүп, жыйынтыгында аларга тастыктамалар тапшырылды.

Мындай макулдашуунун негизинде өткөрүлүп жаткан машыгуулар ички иштер органдарынын кызматкерлеринин алдына коюлган тапшырманы өз убагында туура, так, кынтыксыз аткаруусунда көмөк болуп, ишмердүүлүгүн жогорулатууга жардам берет.

Андан сырткары, Түркиянын Ички иштер министрлигинин эксперттеринин тактикалык-даярдык тажрыйба алмашуу сабактары ИИМдин Республикалык окуу борбордун баштапкы даярдоо курсунда билим алып жаткан талапкерлерге дагы уюштурулуп, практика жүзүндө кенен маалымат алышты.

Пикир

Оставить комментарий