• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын абалы талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 31.12.20. /Кабар/. 2020-жылдын 30-декабрында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркия президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын абалын жана келечегин, ошондой эле алдыда Кыргыз Республикасында боло турган президенттик шайлоону жана референдумду талкуулашты.

Президенттин башкы кеңешчиси Кыргызстанда боло турган президенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүүнү каалап, өлкөлөр ортосундагы мамилелер мындан ары дагы бир туугандык жана стратегиялык өнөктөштүк жаатында өнүгө берерине ишеним билдирди.

Пикир

Оставить комментарий