• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соцкамсыздоонун аткарылышы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 26.01.23. /Кабар/. Анкара шаарында КР Социалдык фондунун жана Түркиянын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин эксперттеринин жолугушуусу өттү. Бул тууралуу КР Соцфондунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Туркиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы "Социалдык камсыздоо жөнүндө" макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүн, тактап айтканда, пенсияларды дайындоо жана которуу маселелерин, тараптардын компетенттүү мекемелери тарабынан пенсияларды экспорттоо варианттарын талкуулашты.

Ошондой эле төлөөчүлөрдүн ар кандай категориялары үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери жана жарандарды пенсиялык камсыздоо, медициналык камсыздандыруу, өндүрүштүк кырсыктарды жана кесиптик тобокелдиктерди азайтуу жаатында тажрыйба алмашуу тууралуу маселе да көтөрүлдү.

Жолугушуу достук жана конструктивдүү кызматташтык маанайда өтүп, жогорудагы келишимди ишке ашыруунун алкагында конструктивдүү диалог процессин улантуунун маанилүүлүгү, ошондой эле институттар ортосундагы эки тараптуу мамилелердин динамикалык өнүгүүсү баса белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий