• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 22.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганды кабыл алды. Бул тууралуу КРнын тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө ушул жылдын 10-сентябрында Бишкекте өткөн Экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-жыйынынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Ниязалиев Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүү үчүн аталган иш-чаранын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган иш аракеттер планынын пункттарын өз убагында аткаруунун өзгөчө маанисин белгиледи.

Тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгынын учурдагы күн тартибинин маселелерин карашып, эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын белгилешти.

"Өзгөчө көңүл миграция тармагындагы кызматташууга, эки өлкөнүн жарандары үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылууга, ошондой эле экспорттук жана инвестициялык потенциалды чыңдоого бөлүндү. Саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыкты активдүү өнүктүрүү үчүн эки тараптуу жолугушууларды уюштуруу тууралуу маселелер каралды", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий