• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы өз ара товар жүгүртүү көлөмү 430 млн долларды түзөт

Экономика 0

Бишкек, 17.10.19. /Кабар/. Жогорку Кеңеште эки тараптуу кыргыз-түрк соода-экономикалык байланышын чыңдоого багытталган “2018-жылдын 9-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Исхак Пирматовдун айтымында, бул келишим эки өлкө ортосундагы түз инвестицияларды колдоо жана коргоо максатында түзүлгөн. Ошондой эле, анда эки өлкө ортосунда макулдашууларды түзүү жана бузуу тартиби да камтылган.

Белгилей кетсек, Түркия эгемен Кыргызстандын көзкарандысыздыгын тааныган эң алгачкы мамлекет болуп саналат. Ушу тапта эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү 430 млн долларды түзөт. Азыр аны 1 млрд долларга жеткирүү аракети жасалууда.

Пикир

Оставить комментарий