• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстан менен Түркиянын соода-экономикалык алакасын жакшыртуу маселелери талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. Үстүбүздөгы жылдын 6-мартында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев ТРнын Тышкы экономикалык байланыштар боюнча кеңешинин (ДЕИК) алдындагы кыргыз-түрк ишкердик кеңешинин (КТИК) жаңы шайланган жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө кеңештин төрагасы Айдын Мыстачоглу ДЕИКтин алдындагы кыргыз-түрк ишкердик кеңешинин башкаруусунун мүчөлөрү менен тааныштырып, КТИКдин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берген.

"Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын соода-экономикалык кызматташуусун өнүктүрүүнү талкуулашты. Элчи Кубанычбек Өмүралиев бизнесмен болгон ДЕИКтин алдындагы кыргыз-түрк ишкердик кеңешинин мүчөлөрүн Кыргызстандын экономикасына инвестиция алып келүүгө жана эки өлкөнүн ишкердик коомдору жана ишкерлери ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө чакырды", - деп айтылат ТИМдин маалыматында.

Ошондой эле элчи түрк ишкерлерин 2020-жылдын жай айында Ысык-Көл облусунда өтө турган кыргыз-түрк Бизнес-форумуна катышууга чакырган.

Пикир

Оставить комментарий