• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстан менен Түркиянын ТИМ башчылары кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы 12-мартта Анталья дипломатиялык форумунун алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө министр Казакбаев форумду жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн түрк тарабына ыраазычылык билдирип, Түркиянын Россия менен Украинанын тышкы иштер министрлеринин жетекчилеринин жолугушуусун уюштуруудагы ортомчулук аракеттерин жогору баалады.

«Баарыбызга тынчтык керек, ошондуктан биз түрк тарабынын дипломатиялык аракеттери үчүн ыраазыбыз. Бул биздин Украина боюнча позициябызга толугу менен шайкеш келет – биринчиден, бул жагдай дипломатиялык ыкмалар менен гана чечилиши керек, экинчиден, эгерде мурунку форматтар иштебесе, эффективдүү диалог үчүн жаңы форматтарды издөө керек», - деди Казакбаев.

Сүйлөшүүдө министрлер эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде алдыдагы жогорку деңгээлдеги байланыштарды талкуулашты жана тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги сапарларды уюштуруу боюнча макулдашууга жетишишти.

Ошондой эле министрлер эки өлкөнүн ортосундагы консулдук кызматтарды кеңейтүү маселесин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий