• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Түркиянын өз ара мамилелери стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чейин жетти – Марипов

Саясат 0

Бишкек, 10.09.21. /Кабар/. Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы өз ара мамилелер стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чейин жетти. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-жыйынында КР министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов билдирди.

Эскерте кетсек, түркия тараптан өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынына Түркиянын вице-президенти Фуат Октай катышууда.

Марипов Кыргызстандын 30 жылдык көз карандысыздыгында Түркия инвестиция жана экономика жаатында чоң колдоо көрсөттү деп белгиледи.

“Пандемия учурунда бизге жакшы жардам бердиңиздер. Кечээ дагы куру кол келбей, коронавируска каршы 150 миң доза вакцина алып келдиңиздер”, - деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, азыр Кыргызстан менен Түркия экономика, социалдык тармак, руханий багытта, билим берүү жана маданият жаатында кызматташып келет.

“Тил менен маданияттын биримдиги жана жарандарыбыздын Түркияда жашап жана иштеши өлкөлөр ортосундагы мамилелерди стратегиялык деңгээлге чыгарды”, - деди ал.

Мындан тышкары, Улукбек Марипов Кыргызстан түркия тарапка ири, анын ичинде энергетика жана өнөр жай жаатындагы долбоорлорду сунуштоого даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий