• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Түркиянын өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жаатында кызматташат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 30.05.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште эки тараптуу келишимдин күчүнө кириши үчүн мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында иштелип чыккан КР Өкмөтү менен Түркия Өкмөтүнүн ортосундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу тармагында кызматташуу жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Келишим өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу тармагында кыргыз-түрк кызматташтыгын өнүктүрүү максатында КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктар боюнча башкармалыгы тарабынан биргелешип иштелип чыккан. Ага ылайык, тараптардын биринин аймагында өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда өз ара жардам берилет жана анын алкагында кырсыктын алдыналуу жаатында биргелешкен долбоорлор ишке ашырылмакчы.

Ушундай эле эки тараптуу келишим КР Өкмөтүнүн менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосунда да түзүлгөн. Ал макулдашуу дагы кыргыз парламенти тарабынан ратификацияланууга тийиш.

Пикир

Оставить комментарий