• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстан менен Түркмөнстан расмий түрдө стратегиялык өнөктөш болду

Президент 0

Ашхабад, 23.08.18. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилерди орнотуу жөнүндө Биргелешкен декларацияга кол коюшту. Документке КР мамлекет башчысынын Түркмөнстанга болгон расмий сапарынын алкагында Ашхабадда кол коюлду.

Тараптар бул тарыхый окуя болот жана эки тараптуу алакалардын жаңы баракчасын ачат деп ишенишет.

Ошондой эле бардыгы болуп 10го жакын өкмөттөр аралык документтердин пакетине кол коюлду. Алар соода-экономикалык, айыл-чарба жана транспорт тармагында кызматташууну өрүндөтүүгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий