• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Түркмөнстандын алакасын жандандырган 10 документ (тизме)

Президент 0

Бишкек, 23.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстанга жасаган мамлекеттик визитинин жыйынтыгы менен Түркмөнстан ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга кол коюлду.

Мындан тышкары төмөндөгү документтерге кол коюлду:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосундагы соода экономикалык жана гуманитардык кызматташтык жөнүндө Макулдашуу
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салууну жоюу жана кирешеге салыкка тийиштүү болгон салык төлөөдөн качууну токтотуу жөнүндө Макулдашуу.
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу тармагында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу.
  4. Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Түркмөнстандын телевидение, радио берүү жана кинематография мамлекеттик комитетинин ортосунда кино өндүрүү жана телерадиоберүү тармагында биргелешип кызматташуу жөнүндө Макулдашуу.
  5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосундагы транспорт тармагында кызматташуунун негизги принциптери жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.
  6. Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен Түркмөнстандын айыл жана суу чарба министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү Меморандумунун алкагында эки тараптуу кызматташууну жүзөгө ашыруу боюнча иш чаралар планы.
  7. 2019-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги менен Түркмөнстандын тышкы иштер министрлигинин ортосунда кызматташуу программасы.
  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Архив агенттиги менен Түркмөнстандын Министрлер кабинетине караштуу архив башкы башкармалыгынын ортосунда архивдик иштер боюнча кызматташуу жөнүндө программа.
  2. Бишкек шаардык мэриясы менен Ашхабад шаарынын хякимлигинин ортосунда Бишкек менен Ашхабад шаарларынын ортосунда достук мамилени орнотуу жөнүндө Макулдашуу.
  3. Кыргыз Ишкерлер жана өнөр жайчылар Союзу менен Түркмөнстандын Ишкерлер жана өнөр жайчылар Союзунун ортосунда кызматташуу жөнүндөгү Макулдашуу.

Пикир

Оставить комментарий