• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосунда кош салыкты болтурбоо чаралары ратификацияланууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 13.05.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети КР Өкмөтү менен Түркмөнстан Өкмөтүнүн ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуу долбоорун жактырды.

Өкмөттүн маалыматына караганда, келишимдин алкагында Кыргызстан менен Түркмөнстан салыктык мыйзамдарындагы жалпы ыкма иштелип чыгат. Ал эл аралык кош салык салуунун укуктук чөйрөсүндө пайда болгон жалпы көйгөйлөр менен милдеттерди чечүүдө бирдиктүү форма болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий