• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы саясий-дипломатиялык мамилелерди чыңдоо талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 29-октябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаев Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Шадурды Мередовду кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр Казакбаев Мередовду дипломатиялык корпустун дуайен функциясын аткарып башташы менен куттуктап, министрлик Бишкектеги чет мамлекеттердин дипломатиялык мекемелеринин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери менен натыйжалуу диалогду колдоо үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенине ишендирди.

Казакбаев 2021-жылдын 5-ноябрына белгиленген Европа Биримдиги – Борбордук Азия биринчи экономикалык форумуна даярдыктар жана форумдун алкагында уюштурулган кошумча иш-чаралар тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-түркмөн эки тараптуу кызматташтыгынын абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашты. Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы саясий-дипломатиялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө стратегиялык өнөктөштүктү жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгү белгиленди.

Мындан тышкары, тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык, транспорт тармагында жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда, анын ичинде соода, инвестиция жана энергетика ресурстар менен камсыздоодо кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин талкуулашты. Бул контекстте Кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча комиссиясынын кезектеги жыйынын жакынкы аралыкта өткөрүү зарылдыгы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий