• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы товар жүгүртүү 200 эсеге өстү - Дадаев

Экономика 0

Бишкек, 16.09.19. /Кабар/. Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы товар жүгүртүү 200 эсеге өстү. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча комиссиянын 4-жыйынында Түркмөнстандын өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун төрагасы Александр Дадаев билдирди.

Ал баса билдиргендей, эгерде мурда соода бир тараптуу гана болсо, азыркы учурда эки тараптуу жүрүүдө.

"Бардыгы өзүбүздөн көз каранды. Бүгүн бул жакка атайын делегаттар жана бизнесмендер келишкен", - деп айтып, кызматташууга олутту көз карашта экендиктерин белгилеп өттү.

Дадаев Түркмөнстан базар экономикасына өтүп жаткандыгын билдирди. 2008-жылы бардыгы мамлекеттин колунда болсо, учурда жеке сектор иштеп жатат.

"2008-жылга чейин жеке бизнес 1% болсо, учурда 64 пайызды түзөт. Мунун бардыгы биздин мамлекет башчыбыздын арты менен болду", - деп билдирди Александр Дадаев.

Дадаев улуттук валютада соода жүргүзүү позициясы боюнча өз оюн айтып, түркмөн тарап 50/50 манат жана сом аркылуу иштөөгө даяр экендигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий