• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Түркмөнстандын ТИМ башчылары кызматташтыкты бекемдөө маселелерин талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 02.09.20. /Кабар/. 2020-жылдын 2-сентябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов менен видеобайланыш аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун абалы жана келечектери жөнүндө пикир алмашты.

Тышкы саясий ведомстволордун башчылары Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосунда саясий-дипломатиялык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө стратегиялык өнөктөштүктү жана өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнүн мындан аркы жолдорун белгилешти.

ТИМдин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, регионалдык кызматташтыктын алкагындагы маселелерди талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий