• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан менен Түркмөнстандын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. КРнын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Р.Мередов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бл тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун абалы жана келечеги жөнүндө пикир алмашышты. Тышкы саясий ведомстволордун башчылары саясий-дипломатиялык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы мамилелерди мындан ары бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

ТИМден кошумчалашкандай, коронавирустук инфекция менен күрөшүү жана эл аралык деңгээлде өз ара аракеттенүү боюнча чаралар жөнүндө пикир алмашуу болду. Көп тараптуу форматтагы жана региондук деңгээлдеги конструктивдүү кызматташууну тараптар тастыкташты.

Пикир

Оставить комментарий