• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Түштүк Корея билим берүү жаатында долбоорлорду ишке ашырууда

Саясат 0

Бишкек, 07.06.21. /Кабар/.Бүгүн, 7-июнда Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Динара Кемелова Инха университетинин Корея билим берүү борборунун директору Ким Чжун Хо баштаган делегация менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Директор Ким белгилегендей, университетте учурда 30га чейин Кыргызстандын студенттери билим алууда. Ушул жылдын сентябр айында дагы 15 кишинин келиши пландалууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Инха университетинде кыргыз студенттеринин санын көбөйтүү, анын ичинде инженерия жана IT жаатындагы студенттерди көбөйтүү, ошондой эле Инха университети кызматташтык жөнүндө Меморандумдарга кол коюлган Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы жана Салымбеков университети менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маселелерине токтолушту.

Сүйлөшүүнүн учурунда Динара Кемелова Кыргыз Республикасынын медициналык мекемелерине, ЖОЖдоруна, ошондой эле мектептерге COVID-19га каршы күрөшүүдө жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү.

Пикир

Оставить комментарий