• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстан менен Татарстан маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатындагы кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 28-апрелде Татарстанга болгон жумушчу сапардын алкагында, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат башында турган кыргыз делегациясы Татарстан Республикасынын Санариптик өнүгүү жана байланыш министрлигинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.

Россиядагы элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатында кызматташуу маселелери талкууланды.

Атап айтканда, жолугушууда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү боюнча мамлекеттик кызмат менен Татарстан Республикасынын Санариптик өнүгүү жана байланыш министрлигинин ортосундагы жаңы технологияларды киргизүү жана мамлекеттик башкарууну санариптештирүүнү өнүктүрүү жаатында өз ара аракеттенүүнүн келечеги талкууланды.

Ошол эле күнү, кыргыз делегациясы Татарстандын алдыңкы ишканаларынын бири болуп эсептелген «Татспиртпром» акционердик коомунда болуп, аталган компаниядан Кыргыз Республикасына инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий