• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы соода-экономикалык алаканы өнүктүрүү талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 26.04.21. /Кабар/. 2021-жылдын 26-апрелинде Татарстан Республикасына болгон иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчиси Гүлнара-Клара Самат башында турган КРнын мамлекеттик органдарынын жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнөн турган кыргыз делегациясы Татарстандын Инвестицияларды өнүктүрүү агенттигине барды.

Россиядагы элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, КР делегациясынын мүчөлөрү Татарстандын Бирдиктүү презентация борборунун иши менен таанышып, ошондой эле Татарстандын Инвестицияларды өнүктүрүү агенттигинин жетекчилиги менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана илгерилетүү маселелерин талкуулап, Татарстандын инвестициялык жана экономикалык потенциалы менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий