• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Татарстандын соода өнөр жай палаталары кызматташат. Меморандумга кол коюлду

Саясат 0

Бишкек, 26.04.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Татарстан Республикасынын Казань шаарына иш сапар менен келди. Бул тууралуу РФдагы элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, элчи сапардын алкагында Татарстан Республикасынын мамлекеттик органдарында, ошондой эле Татарстандагы ири компаниялардын өкүлдөрү менен бир катар практикалык жолугушууларды өткөрүү пландаштырылууда.

Бүгүн, 26-апрелде Кыргыз Республикасынын делегациясы Татарстан Республикасынын Соода-өнөр жай палатасына келип, палатанын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүп, ошондой эле кыргыз жана татар ишканаларынын катышуусунда тегерек столго катышты.

Иш-чарага Кыргызстан менен Татарстандын ишкер чөйрөлөрүнүн 50дөн ашуун өкүлдөрү, анын ичинде Татарстан менен кызматташууга кызыкдар ишкерлер катышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Татарстандын соода өнөр жай палаталарынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын делегациясы «Алабуга» өзгөчө экономикалык чөлкөмгө (ӨЭЧ) барып, анын жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрдү.

Элчиликтин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, Гүлнара-Клара Самат Татарстанда 29-апрелге чейин болот.

Пикир

Оставить комментарий