• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан менен Тажикстан абалды жөнгө салуу боюнча мындан аркы бирдиктүү аракеттер тууралуу макулдашты – Өмүркулова

Саясат 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин чек арадагы абалды жөнгө салуу боюнча мындан аркы бирдиктүү аракеттер тууралуу макулдашышты. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында КР ТИМдин биринчи саясий департаментинин директорунун орун басары Айдай Өмүркулова билдирди.

Анын айтымында, тышкы саясий ведомствонун башчысы Р.Казакбаев өзүнүн тажик кесиптеши жана ТРнын башка өкүлдөрү менен бир нече жолу телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар адамдардын өлүмүнө алып келген чек арадагы кырдаалды жөнгө салууга багытталган мындан аркы биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө макулдашышты.

“Министр кыргыз тарап чет өлкөлүк аймакты талап кылбай тургандыгын жана өзүнүн жеке жерин бөлүшүү ниетин жок экенин баса белгиледи. Министр бардык чек ара жана чарба маселелери мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоонун алкагында сүйлөшүүлөрдүн жолу менен чечилиши керектигин билдирди”,-деди ал.

Ал туруктуулукту камсыздоо жана ар кандай жаңжалга бөгөт коюунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ок атышууну токтотуу жана тиешелүү аскер бөлүмдөрүн артка кайтаруу тууралуу келишимге жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий