• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан менен Тажикстан аскердик түзүлүштөрдү тиешелүү чек ара сызыгынан чыгарууну макулдашты

Коом 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 28-январда, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тилкесинде тараптардын делегацияларынын жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынан басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын делегациясын КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жетектөөдө.

Делегациянын курамына президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. Алимбаев, УКМКнын Чек ара кызматынын директору жана башка мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери кирди. Тажик тараптан Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, Согди облусунун төрагасы, Чек ара аскерлеринин колбашчысы жана УКМКнын төрагасынын орун басары, ошондой эле башка официалдуу өкүлдөр болушту.

Тараптардын делегациясынын курамына Кыргызстандын Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун тиешелүү аймактык түзүмдөрүнүн жетекчилери да кирди.

Жолугушуунун жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар төмөнкүлөрдү чечишти:

1. биргелешкен комиссияга тиешелүү укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын катышуусу менен чыр-чатактын келип чыгуу себептерин тыкыр иликтөөнү уюштурууну;

2. чыр-чатактын башталышында үйлөрүн таштап кеткен бардык жергиликтүү тургундардын кайтып келишин камсыз кылууну;

3. аскердик түзүлүштөрдүн бардык бөлүктөрү тиешелүү чек ара сызыгынан чыгарылсын;

4. бардык тосулган жолдорду, талкаланган инфраструктураны жана электр линияларын калыбына келтирүүнү камсыз кылууну;

5.Тараптардын бийлик органдары келечекте чек ара, суу жана жер жаңжалдарын алдын алуу жана болтурбоо максатында чек ара аймагында тийиштүү көзөмөлдү камсыз кылууну.

Пикир

Оставить комментарий