• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара көйгөйүн алдын алуу үчүн биргелешкен комиссия түзөт

Коом 0

Бишкек. 14.03.19 /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстан чек ара көйгөйүн алдын алуу үчүн биргелешкен комиссия түзөт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков жана Тажикстанстандын президенти Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөшүштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки мамлекеттин башчылары кыргыз-тажик чек арасындагы түзүлгөн кырдаалды талкуулашты.

Жээнбеков жана Рахмон объективдүү иликтөө жүргүзүү жана келечекте мындай абалды болтурбоо үчүн биргелешкен комиссия түзүү керектигин жана ошондой эле мамлекеттик чек араны делимитация процессин аяктоо боюнча сүйлөшүүлөрдү активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Жээнбеков жана тажик президенти кылымдардан берки жылуу коңшу мамиледеги эки өлкөнүн эли тынчтыкта жана достукта гана жашашы керек деген бирдиктүү пикирин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий