• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашты

Кырсык 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашты. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды сүйлөшүү боюнча эки тараптуу жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга КР президентинин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Кыргызстандын Баткен багыты боюнча чек ара өкүлү полковник Кыялбек Төлөнбаев, укук коргоо жана күч структураларынын жетекчилери менен биргеликте Тажикстандын Согдий облусунун губернатору Раджаббай Ахмадзода, тажик тараптын чек ара өкүлү генерал-майор Х. Пиракзода жана Тажикстандын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.

Эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгында төмөндөгүдөй келишимдерге макулдашылды;

-ок атууну токтотуу;

-эки тараптын чек арага тартылган кошумча күч жана каражаттарын мурдагы жайгашкан жерлерине алып кетүү;

-Баткен-Исфана авто жол каттамын ачуу;

-чыр-чатактардын күчөп кетпөөсүн алдын алып, чектеш аймактарда Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери биргеликте кайгуул уюштуруу.

"Эки өлкөнүн делегациялары чыр-чатак орун алган Төрт-Көчө жерлигине келишти. Баткен-Исфана авто жол каттамында тоскоолдуксуз каттамдар жүргүзүлүүдө. Эки тараптуу жолугушуу бүгүн дагы улантылат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 27-январь саат 20:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу чыңалуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдаган.

Такталган маалыматтар боюнча, Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана автожолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19:30да жол каттамы ачылган.

Бирок кайра эле саат 19:35тер чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан.

"Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлигинде болууда. Тажик тарап миномет жана гранатометторду колдонууда", - деп айтылат маалыматта.

Учурда жети кыргызстандыктын жабыркагандыгы тууралуу кабарланды.

Пикир

Оставить комментарий