• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара чырын сүйлөшүү жолу аркылуу чечүүгө даярдыгын билдирди

Саясат 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында, бүгүн, үстүбүздөгү жылдын 29-апрелинде Казань шаарында (Россия Федерациясы, Татарстан Республикасы) Кыргызстан менен Тажикстандын премьер-министрлери Улукбек Марипов жана Кохир Расулзоданын пландаштырылбаган эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн өкмөт башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалды талкуулады.

Тараптар эки республиканын чек арасындагы конфликттик абалды сүйлөшүү жолу аркылуу тез арада чечүүгө толугу менен даярдыгын билдирди.

Эки өлкөнүн премьер-министрлери чек ара маселелерин чечүүдө күч ыкмаларын колдонууга жол берилбеши тийиштигин жана мындан ары карай чыр-чатакты ырбатууга жол бербөө максатында ыкчам чараларды кабыл алуу зарылдыгы боюнча бирдиктүү пикирин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий