• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы жаңжалды токтотуу жөнүндө протоколго кол койду (видео)

Саясат 0


Бишкек, 25.09.22. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды токтотуу жөнүндө протоколго кол коюлду. Бул тууралуу КР УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Протоколго Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов кол койду.

"Протоколдун негизги мааниси кыргыз-тажик чек арасында болуп жаткан жаңжалды токтотуу, мындан ары анын кесепеттерин жоюу жана кезектеги чырга жол бербөө болуп саналат. Кол коюлган протоколдун негизинде жергиликтүү бийлик органдары, күч түзүмдөрүнө бир нече тапшырмалар берилди, анын аткарылышын өзүбүз көзөмөлдөйбүз", - деди ал.

Белгилей кетсек, тараптардын жолугушуусу "Кызыл-Бел" көзөмөл өткөрмө жайында бүгүн, 25-сентябрда өткөн.

Пикир

Оставить комментарий