• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Тажикстан күчтөрүн туруктуу жерине кайтарууну макулдашты

Коом 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 10-мартта Паскы-Арык жергесинде Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусу боюнча өкүлдөрүнүн ортосунда суйлөшүүлөр болду.

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен төмөндөгүдөй макулдашуулар жетишилди:

- тараптар ар бир өз тарабынан 2022-жылы 10-мартта орун алган куралдуу жаңжалга иликтөө жүргүзүү чечимин кабыл алышты. Иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгы Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара ведомство бащчыларынын 2022-жылы 12-мартка пландалган жолугушуусунда айтылат;

- тараптар чек арага жакын аймактарынын жашоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантат. Кыргызстандын Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун башчылары бүгүнкү күндө чыр-чатактарды жана алардын күчөшүнө жол бербөө үчүн зарыл чараларды көрө башташты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн чек ара ведомстволорунун аскер кызматкерлеринин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында аскер кызматкерлеринин жүрүм-турум линиясын сактоосу боюнча маселелер да каралды.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү окуя болгон жерге тартылган күчтөрдү жана каражаттарды туруктуу жайгаштыруу пункттарына кайтарууну макулдашты.

Саат 16:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлүүдө.

Эскерте кетсек, бүгүн, 10-мартта саат 10:50лөр чамасында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болгон.

Пикир

Оставить комментарий