• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Тажикстан саат 20:00дөн тарта чек арада ок атышууну токтотууну макулдашты

Саясат 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик участогунда 2021-жылдын 28-29-апрелинде болгон чек арадагы окуяга байланыштуу Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстан Республикасынын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин жана башка өкүлдөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, нын жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы чек арадагы кырдаалды жөнгө салууга багытталган тараптардын биргелешкен мындан аркы аракеттери талкууланды.

Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер ведомстволорунун башчылары кыргыз жана тажик тараптардын курмандыктарына жана жаракат алууларына алып келген чыр-чатактуу кырдаалды саясий жана дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтык жолу менен чечүү зарылдыгын белгилешти.

Министр Р.Казакбаев кыргыз тарабы башка аймакка көз артпай тургандыгын жана өзүнүн жерин эч ким менен бөлүшүү ниети жок экендигин белгилеп кетти. Бул жааттан алганда бардык чек ара жана чарба маселелери кыргыз-тажик мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын алкагында жогорку өкүлдөрдүн катышуусу менен сүйлөшүүлөр столунда чечүү зарылдыгын өзгөчө белгилеп кетти.

Эки мамлекеттин ортосундагы өз ара ишенимди бекемдөөнүн маанилүүлүгүн, өзгөчө чек ара райондорунда коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыздоо, жергиликтүү калк арасында абалдын чыңалуусуна алып келип жаткан бардык аракеттерди басууну баса белгиледи.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин ортосундагы бир нече сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча саат 20.00дөн баштап ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган абалына алып кетүү келишимине жетишилди.

Ошондой эле эң жакынкы сааттарда кырдаалды андан ары жөнгө салуунун деталдарын талкуулоо үчүн тараптардын жергиликтүү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен укук коргоо жана күч органдарынын жетекчилеринин өзүнчө жолугушуусун өткөрүү келишимине келишти.

Мындан аркы чаралар катарында тараптар эки өлкөнүн жергиликтүү башкаруу органдарынын деңгээлинде (облустук, райондук жана айылдык деңгээлде) калк арасында чек ара кызматтарынын аймактык бөлүмдөрүнүн катышуусу менен маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүү, чек ара аймактарында абалга байкоо жүргүзүү, көзөмөлдөө үчүн аймактык структуралардын деңгээлинде укук коргоо органдарынын биргелешкен топторун уюштуруу жөнүндө, ошондой эле болгон маселелерди тез арада чечүү үчүн тышкы иштер органдарынын жана жеке министрлердин ортосунда түздөн-түз байланышты камсыз кылуу боюнча макулдашышты,

Р.Казакбаев жана С.Мухриддин эки тарапты тең айрым деструктивдүү күчтөрдүн аракеттерине жана чагымчылыкка алдырбоого чакырышты.

Пикир

Оставить комментарий