• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Тажикстан ТИМ башчылары кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Кечээ, 21-ноябрда Душанбеде «Европа биримдиги - Борбордук Азия» диалогуна катышуунун алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-тажик мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча конструктивдүү маек болуп, өз ара пайдалуу биргелешкен иш-чараларды, анын ичинде эл аралык көп тараптуу платформаларда кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги белгиленди.

Министрлер өз ара иштешүүнүн көп сандаган механизмдеринин бар экендиги тууралуу бир пикирде болушту. Артыкчылыктуу милдеттерди натыйжалуу чечүү жана эки тараптуу кызматташтыкты андан ары тереңдетүү максатында Мамлекеттер аралык координаторлук кеңештин, Тышкы иштер министрлер кеңешинин, парламенттик депутаттык топторунун, орун басарлары, эки тараптуу маселелерге комплекстүү карап чыгуу жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиялардын, жана ошондой эле тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлиндеги тышкы иштер аралык консультациялардын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгы баса белгиленди.

Маектешүүнүн жүрүшүндө министр Р.Казакбаев кыргыз тараптын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын юридикалык каттоону тезирээк аяктоого багытталгандыгын, бул эки өлкө ортосундагы мамилелердин бардык спектрине оң таасирин тийгизерин баса белгиледи.

Эки өлкөнүн жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Бул жагынан кыргыз тарабы прокуратуранын, кылмыш-жаза аткаруу системасынын өкүлдөрүн, чек ара ведомстволорун тартуу менен консулдук консультацияларды өткөрүүнү, жана ошондой эле эки өлкөнүн тиешелүү органдарынын координациялык отурумдарын өткөрүү практикасын калыбына келтирүүнү сунуштады. Тараптар эки өлкөнүн жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча пайда болгон маселелерди мүмкүн болушунча тезирээк чечүү үчүн башкы прокуратуралардын, ички иштер министрликтеринин жана башка укук коргоо органдарынын ортосунда ыкчам жумушчу топторду түзүү зарылдыгы жөнүндө макулдашты.

Мындан тышкары Р.Казакбаев тажикстандык кесиптешинин көңүлүн чек ара аймакта туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында эки өлкөнүн чек ара аймактарынын жергиликтүү калкынын ишенимин бекемдөө боюнча активдүү биргелешкен иштерди улантуу зарылдыгына бурду.

Маектештер экономикалык кызматташтыктын перспективаларын, ошондой эле жарандардын өз ара сапарларын жеңилдетүү жана өлкөлөрдүн ортосунда жүк ташууларын жүрүгүзүүнү либералдаштыруу маселелерин талкуулашты.

Маданият жана гуманитардык кызматташтык маселелерине кайрылып, тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилери өз ара Маданият күндөрүн, биргелешкен спорттук иш-чараларды уюштуруунун, жаштар жана академикалык жамааттардын байланыштарын сактоонун маанилүү ролун белгилешти.

Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы тарыхый түзүлгөн достук жана ынак коңшулук мамилелерин мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү үчүн биргелешип иш жүргүзүү жана бардык талаш-тартыштарды саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү ниетин бекем ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий