• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан менен Тажикстандын атайын кызматтары жолугушуу өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 04.11.19. /Кабар/. Тажикстандын Исфара шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек ара жана атайын кызматтары жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирет.

Маалыматка ылайык, кыргыз делегациясын УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев, тажик делегациясын болсо ТРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеген.

"Жолугушууда эки өлкөнүн мамлекеттик чек-арага жакын жайгашкан райондордун коопсуздуктарын камсыз кылуу маселеси талкууланган. Андан тышкары, экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүүдө мекемелер аралык кызматташтыктын натыйжалуулугун жогорулатуулар боюнча сүйлөшүүлөр талкууланды", - деп айтылат билдирүүдө.

Эки тарап эл аралык террористтик жана диний экстремисттик иш-чараларга биргеликте күрөшүү жана эки мамлекеттин чек арасын коопсуздуктарын камсыз кылуу боюнча кызматташтыкты бекемдөө керектиги боюнча макулдашышты.


 

Пикир

Оставить комментарий