• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан менен Тажикстандын автоунаа жолдорунун кесилишине жол чырактар жана байкоо камералары орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Кыргызстандын Баткен районунун Жака-Өрүк участкасынан өткөн Баткен-Исфана автоунаа жолунун, Тажикстандын Исфара-Ворух автоунаа жолунун кесилишине 4 жол чырак (светофор) орнотулду. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми Баткен районунун Тажикстан республикасы менен чектеш Ак-Сай, Көк-Таш айылынын аймактарына видео көзөмөл үчүн камералар орнотулду.

«Белгилей кетсек буга чейин 2020-жылдын 14-январында кыргыз-тажик чек арасында «Кызыл-Бел» жана «Гүлистон» көзөмөл-өткөрмө жайларынын аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиясынын жолугушуусу өткөн.

Бул жолугушууда тараптар чек ара аймактарындагы элдин коопсуздугун камсыз кылуу, айрым орун алган чыр чатактарга так, туура анализ жүргүзүү максатында, чыр-чатак көп катталган эки өлкөнүн чектеш аймактарына жол чырактарды жана байкоо камераларын орнотууну макулдашып, протоколго кол коюшкан.

Мындан улам Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын башчылары Алишер Абдрахманов менен Раджоббой Ахмадзода, бул иш-аракеттерди биргеликте аткарууну макулдашкан.

Белгилей кетсек бул маселе көп жылдан бери чечилбей, талаш-тартышты жаратып келген.

Мындан улам азыркы учурда социалдык тармакта тарап жаткан тажик тарап чектеш аймака жол чырактарын орнотууда деген тынчсызданууларга негиз жок, жол чырактар менен байкоо камералар, эки элдин коопсуздугу үчүн, биргеликте жасалган аракет деп билдиребиз.

Ошол эле учурда Баткенде жашабаган, аймактын чек ара көйгөйүн түшүнбөгөн, айрым жарандарга, өзгөчө кырдаал учурунда чек арадагы элди дүрбөтүүчү, туура эмес маалыматтарды тараткандарга катуу чаралар көрүлөөрүн эскертебиз»,- деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий