• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү өттү

Коом 0

Бишкек, 03.06.22. /Кабар/. Баткен облусунун Баткен районунун Булак-Башы жана Төрт-Көчө тилкелеринде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар төмөнкүдөй макулдашууларды кабыл алышты:

- бекемдөө катары тартылып келген кошумча күчтөрдү жана каражаттарды туруктуу жайгашкан жерине чыгарып кетүүнү жүзөгө ашыруу;

- чек арачыларды эки тараптуу негизде алмаштырууну;

- инженердик курулуштарды демонтаждоо;

- үстөмдүк кылган бийиктиктерге чек ара тозотун жиберүүгө тыюу салуу.

Андан ары Төрт-Көчө аймагында КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын Согди облусу боюнча башчысынын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга тараптардын чек ара заставаларынын жетекчилери да катышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Тараптар жетишилген макулдашууларды аткаруу, чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө жана бардык пайда болгон маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүү зарылдыгын ырасташты.

Мамлекеттик чек ара сызыгынан кошумча күчтөрдү жана каражаттарды чыгарууну Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара заставаларынын жетекчилери көзөмөлдөйт.

Белгиленгендей, саат 19:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу.

Эскерте кетсек, бүгүн, 3-июнда кыргыз чек арачылары Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөө учурунда Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип кеткенин байкашкан. Кыргыз жоокерлеринин Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей ок чыгарган.

Жыйынтыгында эки өлкөнүн чек ара кызматкерлеринин ортосунда атышуу чыгып, тажик тарап миномёт колдоно баштаган.

Кырдаалды турукташтыруу максатында окуя болгон жерге УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы К.Төлөнбаев жана Баткен чек ара отрядынын командири Р.Миршакиров жөнөп кеткен.

Саат 14:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу токтобой, коңшу тарап аскердик оор техника каражаттарын чек арага тарта баштаганы айтылган.

Ал эми саат 14:15ке карата Баткен районуна караштуу Булак-Башы жерлигинде ок атышуу токтогон.

"Саат 14:07де тараптардын чек ара тарамдары ок атышууну токтотуу боюнча буйрук алганына карабастан, тажик тарап кыргыз тараптын позицияларын саат 14:15ке чейин аткылоону улантты. Ок атышуу учурунда КР УКМКнын Чек ара кызматынын бир аскер кызматкери жаракат алып, ага керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда ок атышуу болгон жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий