• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 15.01.20. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында жер титирөө катталды. бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 15-январда болжол менен саат 15:19да катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4 балл, Кара-Киндик, Сары-Таш, Нура айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий