• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Согди облусунда Кыргызстан менен Тажикстандын ички иштер министрлери жолукту

Коом 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. Тажикстандын Согди облусунда Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Тажикстандын ички иштер министри Рахимзода Рамазон Хамронун расмий жолугушуусу болду.

КР ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ички иштер органдарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуусуна тиешелүү болгон маселелер талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун чек арага чектеш региондорунда коопсуздук менен туруктуулукту камсыздоо максатында бирдиктүү күч-аракеттерди жумшоо керектиги айтылды.

Андан соң эки өлкөнүн ички иштер министрлери башында турган атайын кызматтарынын жетекчилеринин катышуусунда кеңири чөйрөдөгү жолугушуу болуп өттү.

Ошондой эле жолугушууда кылмыштуулук, терроризм, экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү жана эки тараптын кызыкчылыгын көздөгөн актуалдуу маселелер талкууланды.

Ички иштер министрликтердин чек арага чектеш региондорундагы ички иштер органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин ортосундагы байланышты бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулду.

Макулдашуунун жыйынтыгы кылмыштуулук менен күрөшүүнүн бардык багыттары боюнча кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө кызыктардыгын жана көп жылдык ишмердүүлүктүн укуктук негиздерин бекемдөөгө даярдыктыгын дагы бир жолу тастыктады.

Пикир

Оставить комментарий