• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт башчылары сүйлөштү - эмнени талкуулашты?

Өкмөт 0

Бишкек, 14.03.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода телефон аркылуу сүйлөшүштү.

Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Өкмөт башчылар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги учурдагы абалды жана болуп өткөн чек ара окуясын жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды талкуулашты.

Кырдаалды жөнгө салууга жана өлкөлөрдүн ортосундагы достук жана коңшулаштык мамилелерди эске алуу менен эки мамлекеттин чек ара тилкелеринде абалды турукташтыруунун мындан аркы чараларын көрүүгө эки жактуу даярдык билдирилди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода белгилешкендей, эки мамлекеттин мамлекеттик органдарынын биргелешкен иши жөнгө салынган жана окуяны биргелешип тергөө жүргүзүү жана чек арадагы кырдаалды эскалация кылууга жол бербөө чараларын көрүү макулдашылган.

Белгиленгендей, учурда эки мамлекеттин компетенттүү органдарынын жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары абалды жөнгө салуу жана чектеш аймактарда туруктуулукту камсыздоо үчүн биргелешкен иштерди жүргүзүшүүдө.

Өкмөт башчылар ошондой эле мамлекеттик чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын ишмердигин активдештирүү боюнча белгилешти.

Окуя болгон жерге эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын кырдаалды турукташтыруу боюнча ишин координациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстандын Премьер-министринин орун басары Иброхим Азим барган.

Пикир

Оставить комментарий