• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Тажикстандын Коргоо министрликтеринин өкүлдөрү жолукту

Саясат 0

Бишкек, 01.05.21. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекет башчыларынын ортосунда болуп өткөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашуулардын алкагында 2021-жылдын 1-майында Кызыл-Бел (КР) - Гулистон (TР) өткөрүү пунктунда Кыргызстан менен Тажикстандын Коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жыйынтыгында төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:

- КР убактысы боюнча саат 15:00дөн тартып (ТР убактысы боюнча саат 14:00дөн тартып) аскерлерге (күчтөргө) кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык участкаларында ок атышпоо режими жөнүндө маалымдап, аскерлерди (күчтөрдү) туруктуу жайгашкан жерлерине алып кетүүнү баштоо.

- Аскерлердин (курал-жарак жана аскердик техниканын) туруктуу жайгашкан жерлерине алып кетүүсүн көзөмөлдөө үчүн эки тараптан 3 адамдан турган жумушчу топту түзүү.

- Келип түшкөн маалыматтарды (дезинформацияны) текшерүү үчүн эки тараптан 3 адамдан турган текшерүү тобун түзүү жана эгер ал тастыкталса, курал-жарактарды жана аскердик техникаларды алып кетүүнү уюштуруу жана тараптарды туруктуу жайгаштыруу пункттарына чейин узатуу.

- Биргелешкен жумушчу топтун иши 2021-жылдын 2-майынан баштап КР убактысы боюнча 08:00дө (TР убактысы боюнча - 07:00дө) башталат.

Пикир

Оставить комментарий