• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Тажикстандын облус башчыларынын жана чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстандын облус башчыларынын жана чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүүдө. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алимбаев жана Баткен облусу боюнча чек ара өкүлү К.Төлөнбаев Тажикстандын Согди облусунун губернатору жана тажик чек ара өкүлү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

"Жолугушуу 2022-жылдын 28-январында саат 01:43тө башталып, Баткен районунун Как-Сай жерлигинде өтүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Чек ара кызматынан кошумчалашкандай, 2022-жылдын 28-январы саат 02:00гө карата Көчө-Бою жана Дахма жерликтеринде ок атуу токтоду. Головной жана Төрт-Көчө жерликтеринде маал-маалы менен ок атуулар угулууда.

Пикир

Оставить комментарий